Президент Садыр Жапаров диний ишмерлер менен жолугуп, "Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жыйын өткөрдү. Ал өз сөзүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу өлкөдөгү диний абалды жөнгө салуу, тартипке келтирүүгө аракет болуп жатканын, мамлекеттин динге аралашуусу боюнча сөз жоктугун баса белгиледи.
Ачыгын айтканда, аталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси эбак бышып жетилген. Тилекке каршы, диний абал жөнгө салынбаса, мамлекеттин коопсуздугуна, элдин тынчтыгына коркунуч келтирчү акыбалга кептелдик. Жаңы мыйзам долбоорун кабыл алуу менен экстремизм сыяктуу коркунучтарга бөгөт коюу зарыл. Диний абалга көзөмөлдүн жоктугунан тыюу салынган диний уюмдардын иштери күчөп кетти.
Буга чейин аталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сөз болгондо, айрым динчилдер дааватка тыюу салынат экен деп айгай салышкан. Мыйзамга өзгөртүүлөр даават маселесине тыюу салбайт. Бирок тартипке келтирет. Антпесе, дааватты кимдер гана жүргүзүп аткан жок. Дааватка чыккандардын арасында диний түшүнүгү тайкылар, өткөнү шектүүлөр, диндин тыюу салынган агымында жүргөндөр, бир сөз менен айтканда даават кылууга эч кандай даярдыгы жоктор жүрөт. Алардын жарандарга эмнелерди айтып, эмнелерге ынандырып атканын билген, текшерген жан жок. Атүгүл дааватка чыккандардын арасында жөн гана аялынан узак убакытка алыстагысы келгендер да бар. Аларга карата муфтият тарабынан эч кандай текшерүү жүргүзүлбөйт. Ошондуктан жаңы мыйзам долбоору менен дааватка муфтият тарабынан даярдалып, каттоого алынып, уруксат алгандар гана чыгышы керек.
Мыйзамдын жаңы долбоору коомдук жайда көздөрүн гана ачып, капкара болуп чүмкөнүп кийинип алууга тыюу салууну кароодо. Бул да мезгилдин талабы. Жанкечти, шахидкаларды элестеткендер биринчиден коомдук жайдагыларды чоочулатса, экинчиден, ошондой кийинип алышып, адам өмүрлөрүнө, ден-соолуктарына зыян келтирген иш-аракеттерди кылышпайт дегенге эч кандай кепилдик жок. Бул эң ириде коопсуздук маселеси болуп эсептелет. Бүтүндөй өлкөнүн жарандарынын коопсуздугу кээ бирлердин диний ишеним, каалоолорунан жогору туруусу зарыл.
Мындан башка диний абалга байланыштуу бир катар маселелерди тартипке келтирүү каралууда. Биз светтик өлкө болгон соң дин өз жолу, мамлекетти башкаруу өз жолу менен жүрүшү керек. Эгерде дин мамлекеттик саясатка кийлигише баштаса, анда мыйзамдар менен тартипке салынуусу кажет! Диний ишеним биздегиден кыйла күчтүү Өзбекстанда да мыйзамдар менен тартипке келтирилүүдө. Жадакалса кошуна өлкөдө мыйзам аркылуу көкүрөгүнө чейин жеткирип сакал өстүрүүгө тыюу салынган.
Жаңы мыйзам долбоорун даярдоо диний ишмерлер, аалымдар, экс-муфтийлердин катышуусунда ишке ашырылып, коомдук талкууга чыгарылган. Демек, мыйзамга туура, мезгил талап кылган керектүү өзгөртүүлөр киргизилип, диний абал тартипке салынат деген ишеним бар.