Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 8-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектериндеги жана тоолуу райондордо кар жаайт.

Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймагында, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектериндеги жана тоолуу райондордо кар жаайт. Ош жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоо этектериндеги жана тоолуу райондордо жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн -1…-6

күндүз 0…+5

Талас облусунда

түнкүсүн -2…-7

күндүз -1…+4

Баткен облусунда

түнкүсүн +1…+6

күндүз +4…+9

Ош, Жалал-Абад облустарында

түнкүсүн +1…+6

күндүз +4…+9

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн 0…-5

күндүз +1…+6

Нарын облусунда

түнкүсүн -1…-6

күндүз -1…+4

Бишкек шаарында жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5°, күндүз +3…+5° болот.