Өлкөбүздө өтүп жаткан мамлекеттик маанидеги иш-чаралар учурунда, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат алып барууда.

Тагыраагы, чет өлкөдөн келген делегаттарды тосуп алуу, коштоп жүрүү жана жалпы жол кыймылын камсыздоодо жогорку күжүрмөн баскычта кызмат алып барууда. 

Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда, көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбооңуздарды, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырабыз.

Эскерте кетсек, эгерде кырдаалга жараша башка жолдор жабыла турган болсо кошумча маалымат берилет.