"Кыргыз Туусу" жана "Слова Кыргызстана" гезиттеринин редакторлору алмашты.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Тамара Слащева "Слова Кыргызстана" гезитинин башкы редакторлугунан кетип, ордуна Елена Жолобова башкы редактор болуп дайындалды.

Ал эми "Кыргыз Туусу" гезитинин редактору Мырзакат Тыналиев ээлеген кызматынан бошотулду. Жаңы директор дайындала элек, анын милдетин убактылуу башкы редактордун орун басары аткарат.