Өлкөнүн аймагында 5-6-ноябрда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, деп билдирди Кыргызгидромет.
6-ноябрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
7-8-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы кескин төмөндөйт:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз -1° сууктан …+4° жылуулука чейин;
- Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин;
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 4…9° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -4° сууктан …+1° жылуулука чейин;
- Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -1…-6° суук, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу;
- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -1° сууктан …+4° жылуулукка чейин;
- республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -4…-9°, күндүз -1…-6° суук, бийик тоолордо түнкүсүн -11…-16°, күндүз -3…-8° суукка чейин төмөндөйт.