Ички иштер министри Улан Ниязбеков кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Ал өз сөзүндө 1924-жылдын 14-октябрында РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүү жөнүндө чечим кабыл алынып, ошол күндөрү Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун Революциялык комитети түзүлгөнүн эске салды. 1924-жылдын 1-ноябрында облустук милиция башкармалыгы иштей баштаган.
«Өлкөбүздүн аймактарында туруктуулукту, тынчтыкты камсыз кылууда, түн уйкудан калып кызмат кылган милиция кызматкерлеринин мээнети зор. Бул 100 жыл ичинде кыргыз милициясы турмуштун катаал сыноолорунан ийгиликтүү өтүп, зор тажрыйба топтоду. Азыр кыргыз милициясында билимдүү, мыкты адистик даярдыктан өткөн кесипкөй, маданияттуу, жогорку адамгерчиликтүү кызматкерлер иштейт деп сыймыктануу менен айта алам. Кыргыз милициясы басып өткөн бир кылымдык жол күрөштөргө, кармаштарга толгон оор жана татаал болсо да жеңиштүү жана жемиштүү, сыймыктуу жол болду.
Бүгүнкү күндө Ички иштер министрлиги жаңы кадамдар менен иштеп баштады. Заманбап техникалык каражаттар менен камсыздоо алгылыктуу колго алынып коомдук тартипти сактоодо ийгиликтерди жарата алды. Ички иштер министрлиги тарабынан ордо калаабыздан баштап, алыскы айылдарга чейин кызматтар үчүн жүздөгөн имараттар, бөлүмдөр, айылдык милиция бөлүмчөлөрү курулуп, оңдолуп түзөлдү. Акыркы 4 жыл ичинде эле Ички иштер министрлиги тарабынан 702 автоунаа коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөштү күчөтүү максатында жер-жерлердеги ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине таратылып берилди.
Ички иштер министрлигинин сыймыктана турган дагы бир артыкчылыгы — ардагерлер! Биздин ардагерлер ардактуу эс алууга кеткенде да милиция менен байланышын үзбөй, эртели кеч келип, жаштарга кеп кеңешин айтышып, өздөрүнүн бай тажрыйбалары менен бөлүшүп турушат. ИИМдин ардагерлер кеңештери сый урматка татыктуу деп ишенимдүү айтсак болот. Себеби алар ардактуу эс алууда жүрүшсө да ар дайым элдин тынчтыгын ойлошот, элдин тынчтыгы үчүн күрөшөт, колдошот, жардам беришет.
Замандын чакырыктарына жараша президентибиз тездик менен өнүгүп жаткан ааламдашуу доорунда, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча санариптештирүү багытында жогорку деңгээлде иш алып баруу зарылдыгын да белгилеп өттү. Биз азыр бир гана мыйзам алдында баш иебиз, бизде мыйзам багыттоочу күч болушу керек. Биздин таянганыбыз да, сыйынганыбыз да Кыргыз Республикасынын мыйзамдары. Мыйзамдарына ыйыктын ыйыгындай мамиле кылган өлкөлөрдө гана өсүш болот, тартип болот. Биз ушул багытта санариптешкен коопсуз өлкөнү курууга багыт алдык. Ар бир милиция кызматкеринин ишмердигиндеги чынчылдык, берилгендик, кайраттуулук, баатырдык, ыкчамдуулук – бул ички иштер органдарына гана тийиштүү асыл сапаттар деп эсептеймин.
Урматтуу мыйзам сакчылары, элдин жана коомдук тартиптин коргоочулары, ардагерлер, сиздерди 100 жылдык маареке майрамыңыздар менен куттуктап, бардыгыңыздарга турмушта бакыт, үй-бүлөңүздөрдө ынтымак-ырыс болушун тилеп, Мекенибиздин жаркын келечеги үчүн жооптуу жана оор жумуштарыңыздарга ийгиликтерди каалаймын. Майрамыңыздар кут болсун!», - деп айтылат министрдин куттуктоосунда.