Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 31-октябрга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн республиканын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй, Баткен облустарында +12...+17, Талас облусунда +11...+16, Ош, Жалал-Абад облустарында +13...+18, Ысык-Көл облусунда +6...+11, Нарын облусунда +5...+10, Бишкек жана Ош шаарларында +11 ... +16 градус жылуу болот.