Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы айрым айыл аймактарынын жана айылдардын аталышын өзгөртүү боюнча" мыйзам долбоорун кароодо.

Депутат Жанар Акаев айылдарга адамдардын атын ыйгарбай, номер менен белгилөөгө өтүүнү сунуштады.

"Биз бул мыйзам долбоорду кабыл алгандан кийин шаарларга, көчөлөргө, айылдарга адамдардын атын берүүгө мораторий киргизишибиз керек. Бишкекте Кулиев көчөсү бар. Кайсын Кулиев - акын, журналист, аскер кабарчысы. Бирок анын атын аталган көчө актаган жок. Ал кишини аяп кетем. Дайыма ошол көчөдөн сойкулар кармалды, бычакташуу болду деп жазышат", - деди Акаев.