Бүгүн, 30-октябрда таң эрте жалпы 104 адам издөө иштерине 9 дрон менен чыгышты. Анын ичинен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 58 куткаруучу, 6 дрон тартылган.
ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан, Нарын облустук башкармалыгынан жана ага караштуу райондордун куткаруучулары жеринде издөө иштерин алып барышат.
Ошондой эле, Ички иштер министрлигинин 20 милиция кызматкери 3 дрон менен, ал эми жергиликтүү тургундардан 26 адам издөөгө чыкты. Баары 20 топко бөлүнүп жеринде иш алып барат.
Белгилей кетсек, 16-октябрь күнү ата-бала мал кайтарууга жайлоого кетип, ошол бойдон кайтып келген эмес.