Кыргызстандын түндүк жана түштүк аймактарында жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.

29-октябрда саат 18:47де Ош облусунун Алай районунун аймагында, тагыраак айтканда Кара-Киндик айылы жана Сопу-Коргон айылында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн күчү Сары-Таш айылында 2 баллга чейин сезилген.

Ал эми, 30-октябрда түнкү саат 01:35те очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ысык-Көл районунун аймагында сезилген. Анын күчү Чоң-Өрүктү, Кароол-Дөбө, Ананьево, Жаркынбаев айылдарында 3 балл, Кичи-Өрүктү, Кожояр-Ата, Көк-Дөбө айылдарында 2,5 баллга жеткен.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.