Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева «Инфоком» мамлекеттик ишканасы менен калкты каттоо бөлүмү эмне үчүн президенттик аппараттын карамагына өткөнүн айтып берди.

Анын айтымында, мамлекет башчынын жаңы калкты тейлөө борборлорун курууга мүмкүнчүлүгү бар. Иштеп жаткан борборлордо узун кезектер пайда болууда.

Министр администрациянын алдында «Кызмат» мамлекеттик мекемеси түзүлүп жатканын эске салды. Анын негизги максаты — жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле калкты каттоо жана документтештирүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу болуп саналат.

«Санариптик өнүктүрүү министрлиги санариптештирүү, координациялоо, калкты документтештирүү жана тийиштүү саясатты иштеп чыгуу функцияларын сактап калат. Буга чейин биз бардык көңүлүбүздү калкты тейлөө борборлорунун ишине буруп, санариптештирүү экинчи орунда калган. Эми бул биздин ишмердүүлүк үчүн приоритеттүү маселеге айланат», — деди Нурия Кутнаева.

Булак: 24.kg