Брюсселде Жарандык авиация агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Данияр Бостонов Еврокомиссиянын мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы директоратынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Агенттиктен маалымдашкандай, Данияр Бостонов европалык тарапка Кыргызстандын авиациялык кызматтардын коопсуздугун жана сапатын жогорулатуу боюнча аткарылып жаткан иштер, анын ичинде инспектордук курамды окутуу, жабдууларды жаңылоо жана нормативдик базаны жакшыртуу чараларын айтып берди.
Жолугушууда Еврокомиссиянын мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы директоратынын коопсуздук бөлүмүнүн башчысынын орун басары Петер Соренсен аткарылган иштерди жогору баалап, 2024-жылдын июлунан бери Кыргызстан жетишкен олуттуу жылыштарды белгиледи.
Жолугушуунун соңунда европалык тарап 2024-жылдын ноябрь айынын аягында сунуштала турган Европа Биримдигинин учуу коопсуздугу боюнча жылдык отчетуна Кыргызстанды киргизүү үчүн далилдөөчү документтердин толук пакетин алды.
Документти жаңылоонун алкагында транспорт боюнча комитет DG Move, EASA жана Европа өлкөлөрүнүн жарандык авиация агенттиктеринин өкүлдөрү менен биргеликте Евробиримдиктин кара тизмесинен Кыргызстанды чыгарууну карайт.
Ошондой эле европалык тарап каржылаган Европалык авиациялык коопсуздук агенттигинин (EASA) консультациялык жардамын Кыргызстанга берүү маселеси да көтөрүлөт. Комитеттин бул демилгеси жактырылса, 2025-жылдын башында өлкөгө учуу коопсуздугу боюнча Европалык агенттиктин инспекторлору колдоо көрсөтүү үчүн келет.