Кино сценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков "Манастын уулу Семетей" тасмасы коомчулуктун сынынан жана эл аралык кино прокатчылардын сунуштарынан улам бир топ алымча-кошумча менен кыйла жаңыртылганын билдирди.
"Эл аралык кадыр-барктуу кино адистер фильм мыкты экенин, бирок, 10 чакты минуталык созулган сценаларын кыскартып, атайын эффекттерди жасап, согуш сценаларын көбөйтүп, сүйүү окуяларын кошуп, динамиканы арттырууну сунушташты. 3 жыл бою улам оңдоп, жаңы сценаларды тартып, эл аралык алдыңкы кино талаптарына ылайыктадык" деп билдирди Төлөбеков.
Кино продюсер тасма олуттуу оңдоолордон кийин эл аралык интернет (стриминг платформа) жана теле каналдардын кызыгуусуна арзып, кыргыз тасмасы бир катар өлкөлөрдүн көрүүчүлөрүөө тартуулануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп атканын кошумчалады.