22-октябрдан тарта «Манас эл аралык аэропорту» ААКтын башкармалык мүчөсү – өндүрүш иштери боюнча директору Бакытбек Бекбача уулунун ыйгарым укуктары токтотулду.

Мындай чечимди компаниянын директорлор кеңеши 22-октябрда кабыл алышкан. Бакытбек Бекбача уулунун ордуна Жанат Шамшиев бекитилди. Шамшиев 2023-жылы аэропортту оперативдүү башкаруу борборунун жетекчиси болгон.