Бишкекте Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдык мааракеси белгиленүүдө.

Салтанаттуу иш-чара бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жатат.

Иш-чаранын алкагында министрликтин басып өткөн жолу, ишмердүүлүгү жана келечектеги өнүгүү багыттары тууралуу тасма тартууланды.

Быйыл 80 жыл толуп отурган Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 1944-жылы түзүлүп, алгачкы министр Казы Дыйканбаев болгон. Учурда Кыргызстандын чет өлкөлөрдө 100гө жакын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү бар.