Кудрет Тайчабаров Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фондунун төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.
Тайчабаров кызматтан бир жума мурда кеткен, бирок эми гана белгилүү болуп жатат.
Тайчабаров ушул жылдын март айынан тарта аталган фондду жетектей баштаган. Ага чейин ал Бишкек эркин экономикалык аймагын жетектеген.
Экс-чиновник чуулгандуу билдирүүлөрү менен белгилүү. Тактап айтканда, ал социалдык түйүндөрдө кыргыз кыздары тууралуу билдирүүлөрдү жазып, Орусия менен Түркиядагы мигрант аялдардын дээрлик бардыгы секс индустриясында иштешет деген пикирин билдирген. Тамеки тарткан кыздарды да сындаган.
Учурда Тайчабаровдун ордуна аталган фондго Кылычбек Рысалиев дайындалганы белгилүү болду. Ал буга чейин “Замандаш” саясий партиясынын кеңешинин мүчөсү болгон.