Адамдын эмоционалдык жана руханий жашоосу бир гана тубаса мүнөзүнөн улам болбойт, убакыттын өтүшү менен топтолгон тажрыйбага, жөндөмгө карата да болот. Мисалы, стрессти көтөрүү жана оор кырдаалдан чыгуу. Бул тууралуу "Биринчи радиого" берген маегинде психиатр-дарыгер Борис Ли билдирди. 

Айтымында, физикалык активдүүлүк, туура тамактануу жана жакшы уктоо мыкты психикалык абалдын негизи болуп саналат. 

"Адамдын психикалык абалы анын физикалык абалынан түз көз каранды. Иликтөөлөр регулярдуу физикалык активдүүлүк психикалык саламаттыкты жакшыртат жана психикасында көйгөй бар бейтаптардын оорусу өрчүшүнүн алдын алат. Ошондуктан физикалык жактан активдүү болуу керек. Ошондой эле туура тамактануу менен жакшы уктоо да жардам берет. Көпчүлүк тынч уйку табышпайт, мисалы шаар жергесинде темир жолдун жанында жашаса, күнү-түнү ызы-чуу болуп турат дагы, эмоционалдык акыбалыбыз начарлайт", - деди Борис Ли.