Алай районунун Чоң Каракол айылындагы мөңгүнү кен иштетүүчү компания талкалап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди. 

Айтымында, аталган райондун тургундары буга каршы болуп, тийиштүү органдарына үнүн жеткирүүгө аракеттенип жатышат. Ал эми депутат өзү дагы бул маселе боюнча прокуратурага үч жолу кайрылып, бирок жыйынтык чыгара алган эмес. 

"Азыр дүйнө жүзү мөңгүлөрдү коргоого алууда, а Алайда ал талкаланып жатат. Башкы прокуратура ал компанияга эскертүү берсе дагы, аткарышпай жатат", - деди Жанар Акаев.