Өлкөдө 7 жана 8-ноябрда белгиленүүчү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү иш күн эмес болот.
Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен тастыкташты.
Жогорудагы даталар бейшемби жана жума күндөрүнө туура келгендиктен кыргызстандыктар 7-ноябрдан 10-ноябрга чейин эс алышат. Эскерте кетсек, эс алуу күндөрү окуучулардын күзгү каникулуна жарым-жартылай дал келет.
Буга чейин Эмгек министрлиги айрым эс алуу күндөрүн иш күндөрү кылууну сунуштап, Министрлер кабинети демилгени жактырган.
Эске салсак, 2017-жылдын 26-октябрында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн 7-8-ноябрда белгилөө тууралуу жарлыкка кол койгон.
Булак: kaktus.kg