Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин өздүк булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал өз арызы менен кызматтан кетүүгө белсенген. Эми анын арызын Соттор кеңеши карашы керек.
Базарбеков 2022-жылдын февраль айында Нургүл Бакирова кызматтан кеткенден кийин Жогорку соттун төрагалыгына дайындалган.