Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерин жеке клиникаларда бир убакта жумушка орноштурууга тыюу салган мыйзам долбоору каралды.

Демилгечи депутаттар - Айсулуу Мамашова, Нилуфар Алимжанова, Аида Исатбек кызы, Бахридин Шабазов.

Мыйзам долбоорунун максаты жана милдети - саламаттыкты сактоо жаатындагы өсүп жаткан чакырыктарга жана Кыргызстандын жарандарына ишенимдүү, сапаттуу медициналык жардамды камсыз кылуу зарылдыгына байланыштуу, колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү.

"Мамлекеттик медициналык мекемелердин жетекчилерин жеке клиникаларда бир убакта жумушка орноштурууга тыюу салууну киргизүү сунушталууда. Медициналык мекемелердин жетекчилери жеке клиникаларда иштөөгө алаксыбай, өздөрүн толугу менен өз милдеттерине жана өз мекемесин натыйжалуу башкарууга арнашы керек", - деди Айсулуу Мамашова.

Булак: kaktus.kg