Кыргызстандын түштүк аймактарында кара отунду сата турган 8 кошумча база ачуу пландалууда.

Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Кыргызкөмүр” ишканасынан билдиришти.

Ишкананын маалыматы боюнча, көмүр кампалары Ош жана Баткен облустарында ачылмай болду.

Тактап айтканда, кампалар Ош облусунун Кара-Кулжа, Араван, Алай, Ноокат жана Өзгөн райондорунда, ал эми Баткен облусунун Раззаков жана Кызыл-Кыя шаарларында, ошондой эле Баткен районунда иштеп баштайт.