1-октябрда Кант шаарындагы мунай базада молекулярдык маркерди колдонуу менен отун майын маркалоо системасы расмий түрдө ишке кирди.
Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.
Маалыматка караганда 2024-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстанда молекулярдык маркерлерди колдонуу менен импорттолуучу жана өндүрүлгөн бензинди жана дизелдик отунду милдеттүү түрдө маркалоо киргизилген. 2025-жылдын 1-январынан тартып маркасы жок бензинди жана дизелдик отунду жүгүртүүгө тыюу салынат.
Маркалоо системасында колдонулган молекулярдык маркер отун структурасына кирген, жууп салууга мүмкүн болбогон уникалдуу кошулма болуп саналат. Маркерди текшерүү бардык керектүү талаптарга ылайык тастыкталган атайын куралдардын жардамы менен жүргүзүлөт. Бул системаны киргизүү күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы натыйжалуу күрөшүүгө жана отун майынын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Маркалоонун бул ыкмасы бир катар өлкөлөрдө ийгиликтүү колдонулуп жатат. Бул мунайзаттарын мыйзамсыз сатууну жана отундун сапатындагы жана көлөмүндөгү алдамчылыкты токтотууга мүмкүндүк берет.
Отун майын маркалоо анын өндүрүшүнүн жана импортунун көлөмүн эсепке алуунун ачык-айкындуулугун камсыз кылат, керектөөчүлөрдү контрафакттык продукциялардан коргоп, дизель акциз салыгын башкарууну жакшыртат жана өлкөнүн бюджетине салыктык түшүүлөрдү көбөйтөт.