Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен “Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” тарабынан “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун базасында Кыргызстандын аймактарынын социалдык-экономикалык потенциалын арттыруу максатында чакан долбоорлорду ишке ашырууга багытталган демонстрациялык борбор ачылды.

Иш-чарада Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев аймактарга ылайыкталган чакан кайра иштетүүчү айыл чарба өндүрүштөрүн ар бир районго ачуу зарылдыгын белгиледи. 

Бул туурасында: “Мына аймактарга ыңгайлуу болгон жүндү кайра иштетүүчү баасы 2 миллион сомго жетпеген чакан өндүрүштү көрсөттүк. Акимдерге, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктардын башчыларына ачык айтып коёюн, президент мага айтты, кайсы райондо болсун, мейли Ошто, Ат-Башыда, Түптө, Кара-Кулжа болобу жүн жерде жатса, ошол райондун акими иштен алынат. Бул майда нерсе деп ойлобогула. Эгер биз райондордо 60 жерге жүндү кайра иштетүүчү өндүрүштү койсок, жүн маселесин чечебиз. Ал эми наркы 120 миң сом эле турган малдын терисин сыйруучу станокту ар бир айыл өкмөтүнө койсок, тери көйгөйүн чечебиз”, - деп баса белгилеп айтты. 

Белгилей кетсек, Демонстрациялык борбор ишкерлерге, фермерлерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аймактарда чакан жана орто өндүрүштөрдү ачуу, продукцияларды кайра иштетүү жана экспортко чыгаруу боюнча бизнес долбоорлордун ийгиликтүү мисалдарын көрсөтүп, алардын өнүгүүсүн талкуулап, эл аралык инвестицияларды тартууга жардам берет.