Үстүбүздөгү жылдын 22-августунда Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясында, ИИМдин Ички аскерлери тарабынан, 1-ноябрь Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына арналган Сармерден сынагы өткөрүлдү.

Возможно, это изображение 2 человека, аккордеон и текст Возможно, это изображение 6 человек и люди танцуют

Бул иш чарага ИИМдин кадрлар башкы башкармылыгын башчысы милициянын полковниги Алишер Барпиев, Ички аскерлердин ардагери генерал-майор Аширбек Бакаев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Зейнеп Шакеева катышты.

Аталган сынактын жүрүшүндө милициянын полковниги Алишер Барпиев өздүк курамга бекем ден-соолук, мамлекетибиздин, элибиздин коопсуздугун сактоого, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө арналган кызматарына ийгиликтерди каалап, келе жаткан Кыргыз милициясынын 100 жылдыгы менен куттуктады. Генерал майор Аширбек Бакаев өз сөзүндө бул сынакка Ички аскерлердин аскер бөлүктөрүнөн таланттуу кыз жигиттер тандалып, жогорку деңгээлде даярдалганын белгиледи.

Ички аскерлердин ардагерлер кенешинин төрагасы камдыктагы полковник Тынычбек Касымбеков, Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын урматына арналган Сармерден сынагы уюштурулгандыгын айтып, Ички аскерлердин кол башчысы полковник Дамир Алыбаевдин атынан, калыстар тобунун мүчөлөрүнө терең ыраазычылык билдирди. Катышуучуларга мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалап өттү.

Иш чаранын аягында, уюштурууга жардам корсоткон УТРКнын кызматкерлерине жана мыкты катышуучуларга кол башчынын буйругу менен сыйлыктар тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин