2024-жылдын 29-июлунда Өзгөн шаарынын аянты 0,74 га ири инфраструктуралык объектисин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын жашыруу, ошондой эле кылмыш жоопкерчилигинен баш тартуу максатында өзгөчө ири өлчөмдө (1 млн. 500 миң сом) пара берүүдө КР ФМга караштуу МСКнын Ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгынын түштүк регион боюнча бөлүм башчысы К.Н.Н. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө «Өзгөн автобекети» ААКнын акционерлери тарабынан Өзгөн шаарындагы автобекетти мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы моюнга алынып, ыктыярдуу түрдө Өзгөн шаардык мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди.
Жогоруда аталган жер тилкесинин базар баасы 219 млн. 591 миң сомду түзөт.