Кечээ, 6-августта Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында Кыргыз футбол биримдигинин Президенти Камчыбек Ташиевдин катышуусу менен көчмө жыйын орун алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. 

Жыйында аталган айылда курула турган мультифункционалдык спорт комплекстин курулушу боюнча долбоор талкууланды. Ага жергиликтүү башкармалыктын өкүлдөрү дагы катышышты.

КФБнын колдонуусуна берилген Кара-Ойдогу 17,72 га жер тилкесинин аймагында заманбап спорт комплекси 2024-жылы курула баштайт. Бул жыйында обьектинин эскиздик долбоору сунушталды.

Аталган комплексте спорттун олимпиадалык түрлөрү, атаганда - футбол, сууда сүзүү, жеңил атлетика, волейбол, баскетбол, күрөш, дзюдо, бокс, гимнастика, оор атлетика, теннис жана башкалар үчүн инфраструктура каралат. Комплексте аталган спорттор боюнча эл аралык даражадагы мелдештерди өткөрүүгө жана улуттук курама командаларды даярдоого бардык шарттар түзүлөт.