УКМК тарабынан билим берүү тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу  иштердин жүрүшүндө, 2024-жылдын 29-июлунда "Алдамчылык" фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында 84.000 сом өлчөмүндө акча каражатын алуу учурунда  КР жараны С.Ч.Ч.кармалды.

Аталган акча каражаттары абитуриенттерди борбордогу жогорку окуу жайлардын бирине “ийгиликтүү кабыл алуу” үчүн арналган. 

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча иштер жүрүп жатат.