Диетолог Светлана Фус ичеги-карындын иштешин калыбына келтирүү үчүн кайсы азык жакшы жардам берээрин билдирген.

-  Инжир тамак сиңирүү системасынын нормалдуу иштешине көмөктөшүүчү клетчаткаларды көп камтыйт, ошондой эле ичегилерде жашаган бактериялар үчүн пребиотик - азык катары иштейт.

Ошондуктан инжирди ич катууда жеш керек. Бирок анын ашыкча өлчөмү ич өткөккө жана метеоризмге алып келиши мүмкүн.

Ошондой эле инжир витаминдердин жана минералдардын жакшы булагы. Мисалы, кальций, магний жана В витаминдери.