2024-жылдын 22-июлунан 27-июлуна чейин Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелерин карашты.

Жолугушуунун алкагында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участокторунда изилдөө иштери жүргүзүлдү, тагыраагы изилдөө иштери Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Баткен облустарын, ошондой эле Өзбекстан Республиканын Наманган жана Фергана облустарын камтыды.

Сүйлөшүүлөр достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жумушчу топтордун кийинки отуруму Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт.