УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөш тууралуу айтты:
- Коррупцияга каршы күрөш кандай нукта жүрүп жатканынан сезип турсаңыздар керек. Биз эч кимге ырайым бербейбиз!
Учурда президенттин эки тууганы мыйзам бузгандыгы жана бирөөлөрдү алдаганы үчүн камакта отурушат. Президент аларды мыйзам бузгандыгын билип, аяган жок.
Менин бир тууган бажам бир жумадан бери камакта. Менин кайын эжемдин күйөөсү. Ал киши да мыйзамды бузган. Мыйзам алдында жооп берет!
Бир нерсени так түшүнүп алыш керек. Бир адамга жаза - жүздөгөн адамдарга сабак болушу керек!
Ошондуктан, мыйзамды бузаарда терең ойлонгула! "Мен губернатордун, мэрдин же акимдин бир тууганымын, мага эч ким тийбейт"- деп ойлобогула. Айрыкча, аткаруу бийлигинин өкүлдөрү, сиздерди жоопко тартуу үчүн көп убакыттын кереги жок. Бир сааттын ичинде ордунарды таап каласыңар!