Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, өлкөдө туруксуз аба ырайы 17-июлга чейин созулат.

Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти өз божомолун билдирип, селдин жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо активдешери мүмкүн делген аймактарды тизмектеди.

Сел жана таш кулоо ыктымалдыгы жаралчу аймактар:

- Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда;
- Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука райондорунда;
- Ош облусунун Өзгөн, Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондорунда;
- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда;
- Чүй облусунун Панфилов, Жайыл, Аламүдүн, Чүй жана Кемин райондорунда;
- Нарын облусунун Кочкор, Ак- Талаа, Ат-Башы жана Нарын райондорунда;
- Талас облусунун Кара-Буура, Бакай-Ата жана Талас райондорунун аймактарында.

Унаа жолдордогу кооптуу болгон сел жана таш кулоо тилкелери:

- Бишкек – Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында;
- Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133-чакырымдарында;
- Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128-1-чакырымдарында;
- Балыкчы – Бөкөнбаева унаа жолунун 64-117-чакырымдарында;
- Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5-чакырымдарында;
- Ош – Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдарында;
- Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымындарында;
- Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24-чакырымындарында.