Апамын бир пайдасы жок ишти көргөндө "Об-б-о-о-о" деп кейип алмайы бар. Ошол сыңары мен да пайда-батасы жок иш көрсөм "Об-б-о-о-о" дечү болдум.

"Аш көп болсо, каада көп" деп кыргыздар бир нерсени ойлоп таап, жашоону татаалдата берген эл экенбиз.  Президент бир жагынан ысырапкерчиликке, пайдасыз иш-чараларга каршы мыйзамдарга кол коюп, кемчиликтерди оңдоого аракеттенип жатса, биз экинчи жагынан чыгым-чыгашалуу иштерди көбөйтүп жатабыз.

Акыркы учурларда "кыздын колун суроо" деген салт пайда болду. Жигит сүйлөшүп жүргөн кызынын алдына тизелей калып, мага аял бол деп бир короо жалган кеп айтат. Кызы чала-бучук ыйлап жиберет. Эмоционалдуу калк да!

Өзү негизи интернетте жүргөндөй: "Атым Шерали. Ош базарда жүк ташуучу болуп иштейм да. Мага тийбейсиңби?", - деп эле билдирүү жөнөтүп койсо болот.

Негизи турмушта кыздын колун суроо, ЗАГСка чыгуу, үйлөнүү той,  бал айы жана башка убарагерчиликтер эки жаштын кийинки жашоосуна пайдубал болуп берчү деле нерсе эмес.

Жаштардын баш кошуусун мүмкүн болушунча жеңилдетип, тезирээк очор-бачар болуп көбөйүүбүз керек.

Кыздын колун суроо, ЗАСГка чыгуу, бал айы дегендерди жок кылуу керек колдон келсе...

Кыргызстанда жылына 12 000 ажырашуу, 20 000 бойдон түшүрүү болуп жатат. Ошонун 100 пайызында миндеген адамдар ак тилектерди айтышкан, бактылуу бол дешкен. Кана эми ошол тилектердин аткарылганы?..

Азыр 40ка чыкканча бойдок жүргөн жигит-кыздар улам көбөйүп бара жатат. Ошолордун бир себеби кол суроо дегенге окшогон иштер, чыгышалуу тойлор, логикага туура келбеген каада-салттар.

Азыр круизге барып кыздын колун суроо, Эйфел мунарасынын жанында сейилдөө, Түркияга, Египетке, Вьетнамга, Канар аралдарына барып куда тосуу, куда-кудагый менен таанышуу деген убарагерчиликтер пайда болду...  

Кыскасы жөн эле жашап, турмушту татаалдатпайлы.

Нургазы Мусаев, журналист