Өзгөчө кырдаардар министринин орун басары Акылбек Мазарипов Баткенде сел жүргөн аймакка барды. 

10-июнда кечке жуук нөшөрлүү жаандан улам Баткен районунун Ак-Татыр, Самаркандек айылдарында сел жүрүп, ошол замат ӨКМден тартылган куткаруучулар жана техникалык каражаттардын жардамы менен 137 жаран коопсуз жайга эвакуацияланган.

Министрдин орун басары бүгүн таң эрте саат 06:00дө башталган калыбына келтирүү жана сел кесепеттерин жоюу чаралары менен жеринде таанышып, тиешелүү тапшырмаларды берди.

ӨКМ буга чейин селден улам 137 адам коңшу айылдарга эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин кабарлаган.