4-июлда Бишкектин административдик соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун мандатына байланыштуу жаңы ачылган жайгдайлар боюнча арызын кароо өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 26-апрелде соттун чечимин негиз кылып, Адахан Мадумаровду мандатынан ажыраткан. Саясатчы Боршайкумдун бул чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берген. Административдик сот 20-майда ал арызды канааттандырган эмес.
Жети ай Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жаткан Адахан Мадумаров 26-апрелге караган түнү боштондукка чыккан. Бул күнү биринчи инстанциянын чечимине 30 күн болгон.
26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Адахан Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин абакта калтырылган. Бул аралыкта анын адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна даттанган эмес.
Адахан Мадумаров “Кылмыш-жаза процесуалдык кодексинин 400-беренесинин 1-пунктунда соттун өкүмүнө апелляциялык даттануу камактагы адам өкүмдүн көчүрмөсүн алгандан кийин 30 күндөн кийин кайрылса болорун, ал өкүмдүн көчүрмөсүн 16-апрелде гана алганын” айткан. Ушундан улам 15-майга чейин апелляциялык арыз бергенге убакыт бар экенин билдирген.
Ушул тапта анын өкүм боюнча апелляциялык арызы Бишкек шаардык сотунда каралып жатат.
Адахан Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген. Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралганын билдирген.
Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевге да айып коюлган.
Адахан Мадумаров 2023-жылы 2-сентябрда кармалган.