Кыргыз Республикасы боюнча 1 679 мектептеги 450 000ден ашуун башталгыч класстын окуучулары АКШ өкмөтү каржылаган «Окуу керемет!» долбооруна катышуу аркылуу өздөрүнүн окуудагы жетишкендиктерин жогорулатууда.
Бишкекте өткөн «Билим берүүнү трансформациялоонун заманбап стратегиялары» аттуу республикалык форумда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте ишке ашырылып жаткан АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин долбоору беш жылдагы жетишкендиктери менен тааныштырды. Форумда АКШнын Айыл чарба департаменти (USDA) каржылаган МакГоверн-Доул «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» программасы да өзүнүн жетишкендиктери, анын ичинде 3 000ден ашык мугалим жана 400 китепканачы үчүн дифференциацияланган окуу боюнча модулдарды дистанттык окутуунун натыйжалары менен бөлүштү.
Форумга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрдин орун басары Муратбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Ринат Бакеев, ошондой эле USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директору Кайя Адамс катышты. 2019-жылы ишмердүүлүгүн баштагандан бери «Окуу керемет!» долбоору 17 000ден ашык мугалимдердин жана 3 500 билим берүүдөгү кызматкерлердин технологияны колдонуу менен башталгыч класстарда адабий окуу жана математика сабактарын окутуунун натыйжалуу көндүмдөрүн жакшыртууга көмөктөштү.
Долбоордун алкагында жергиликтүү жазуучулар жана сүрөтчүлөр төрт тилде жаңы аталыштагы 1 579 балдар китептерин жаратышты. Бул китептердин электрондук версиялары, анын ичинде жандоо тилинде берилген 40 китеп жергиликтүү жана эл аралык санариптик китепканаларда балдарга жеткиликтүү. «Окуу керемет!» өлкө боюнча 1 679 мектепке жана 83 коомдук китепканага бул китептердин 2 миллиондон ашык нускасын таркатты.
«Биздин максатыбыз өмүр бою билим ала алган, белгисиз көп кырдуу жана татаал дүйнөдөгү көйгөйлөрдү натыйжалуу чече алган, маалыматты сынчыл ойлонуу менен өздөштүргөн, бир нече тилде кызматташа билген бүтүрүүчүнү даярдоо болуп саналат. Бул максатка жетүү үчүн адамдык, интеллектуалдык, финансылык ресурстар талап кылынат. Ошондуктан биз USAIDдин «Окуу керемет!» долбооруна жана USDA МакГоверн-Доул «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» программасынын алкагында көрсөткөн колдоого чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз!», - деди Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев.
«Окуу үчүн бекем пайдубалды түзүү менен, биз ар бир баланын жаркын келечегин камсыздай алабыз жана бирге күчтүү мамлекет курууга салымыбызды кошобуз», - деди USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын директору Кайя Адамс.