30-июнда саат 22:30да Казак Республикасынан атайын рейс менен гуманитардык жардам Ош шаарынын аэропортуна учуп келди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Гуманитардык жардамды тосуп алууга КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары А.Мазарипов, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары И.Ташбаев, Казакстан Республикасынын Ош шаарындагы консулу М.Карыбай жана Казахстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жамбыл облусу боюнча башкармалыгынын директору А.Токанов катышышты.

Селден жабыркаган Ноокаттыктарга келген гуманитардык жардамдын курамында турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар жана азык-түлүктөр бар.