1-июль күнү Ош облусунун Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагына издөө-куткаруу ишине 85 куткаруучу чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, 85 куткаруучу Апшыр-Ата айылындагы Апшыр-Ата сел сайында издөө ишин жүргүзүп башташты.
Мындан сырткары аталган айыл аймакка 67 куткаруучу тарабынан сел суусу кирген жалпы 20 турак үйдү тазалоо башталды. Жалпы 28 үйдүн кароо жайына суу кирген. 30-июнь күнү 8 турак үй тазаланган.
Жеринде ӨКМдин 16 атайы инженердик техникасы иштеп жатат.
Жергиликтүү тургундардан 100дөн ашуун адам тартылды.
Ошондой эле Жарандык коргоо кызматтары жеринде иш алып барууда.
Кошумча маалымат берилет.