Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 1-июль күнү таңкы саат 07:49да өлкө аймагында MSK-64 шкаласы менен очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң Алай районунун Кара-Шыбак, Жар-Башы, Дароот-Коргон, Чак, Кулчу, Кызыл-Эшме, Жаш-Тилек айылдарында 3 балл, Шибээ, Кабык айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. (Кара-Шыбак айылынан 6 чакырым түштүк батышта, Жар-Башы айылынан 7 чакырым түштүк чыгышта, Дароот-Коргон айылынан 10 чакырым түштүк батышта).

Алдын ала маалыматка караганда жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.