Кара-Кулжада селден 3 адам каза болуп, дагы бирөө изделип жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
30-июнда саат 22:15 чамасында Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Жетим-Дөбө айылынын Абышка-Оозу тилкесинде сел жүргөн. Анда "Deo Матиз" үлгүсүндөгү унаа агып кеткен.
ӨКМнын маалыматына караганда, унаанын ичинде 5 жаран болгон, 1 жаранды жергиликтүү жарандар куткарып, калгандарын сел алып кеткен. Учурда куткаруучулар тарабынан 3 жарандын жансыз денеси табылып, бирөөсү изделүүдө.
Кырсык болгон жерде издөө иштери улантылып жатат. Ага ӨКМден 50 куткаруучу, ИИМден 40 кызматкер, тез жардам кызматы жана 300дөй жергиликтүү тургундар тартылган.