Бишкектеги Биринчи май райондук соту тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү узартылды. 

Маалыматта айтылгандай, аталган соттун 2024-жылы 24-июндагы токтому менен УКМКнын тергөөчүсүнүн арызы канаттандырылды.

Ошону менен айыпталуучунун камактагы мөөнөтү тергөө учурунда, башкача айтканда 2024-жылдын 26-августуна чейин узартылды.

Эске салсак, Раимбек Матраимовго КР Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси ("Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу") жана 222-беренесиндеги ("Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)" белгилери айып тагылган. Ал Азербейжан өлкөсүнүн аймагынан бир туугандары менен кошо кармалып келген.