Бишкектеги "Караван" соода борборундагы эскалаторго буту кыпчылып калган 3 жаштагы кызга операция жасалды.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, кыздын буту сынган деген диагноз коюлган. Анткен менен кан тамырлары, булчуңдары жана тарамыштары чайналып калгандыктан операция жасалган.
Учурда кыздын абалы туруктуу. Ал №3 шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында тиешелүү дарылануудан өтүүдө.
Эске салсак, окуя 23-июнда болгон. Ал жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, кыздын бутун чыгарышкан жана тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.