Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун демилгеси менен Нарын облусунда “Куттуу Эл” улуттук форуму болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө», «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө», «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыктарын жана 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруунун алкагында 2022-жылдан бери облустарда “Куттуу эл” улуттук форуму Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун демилгеси менен өткөрүлүп келе жатат.
“Куттуу эл” форуму алгачкы жолу Ош шаарында, андан кийин, Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Балыкчы шаарында өттү.
Бул ирет Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата “Куттуу эл” форуму Нарын облусунда “Нарыным алтын бешигим” аталашында болуп өттү.
Форумдун алкагында улуттук баалуулуктарды даңазалоодон сырткары, баяндамалар окулуп, кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн көргөзмөлөрү уюштурулуп, өнөр адамдарынын таланттары тартууланды.