Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты кармалганын ИИМден билдиришти. 

Маалыматка караганда, депутат жаранды травматикалык тапанча менен атууга жана андан соң сабоого шектелип жатат. 

Укук коргоо кызматына жергиликтүү тургун кайрылып, шаардык кеңештин А.У. аттуу депутатына карата чара көрүүнү суранган. Айтымында, 2022-жылдын октябрь айында А.У. себепсиз эле жаранды травматикалык тапанчасы менен эки жолу аткан жана андан соң сабаган.    

Соттук-медициналык экспертиза арыз ээсинин далысында жана сол билегинде эки тырык бар экенин көрсөткөн. Ушул убакка чейин жаран милицияга кайрылуудан корккон, анткени кол салган адам Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу менен тыгыз байланышта болгон. 

Учурда факт боюнча кылмыш иши козголду. 

ИИМ кызматкерлери УКМК кызматкерлери менен биргеликте депутатты кармашып, убактылуу кармоочу жайга киргизишти. Тергөө амалдары уланууда.