«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы жооптуу кызматкерлерди өз командасына чакырат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 21 жаштан 55 жашка чейинки айдоочулар талап кылынат. Негизги талап - "D" категориясы бар айдоочунун күбөлүгү болуп саналат.
"Иштөө үчүн ыңгайлуу шарттар жана квалификацияны жогорулатуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөндүгүн белгилейбиз.
Ошондой эле, склад башчысы да керек. Айлыгы 27800 сом. Талаптар: 1c программасын билүү жана жогорку билими тууралуу диплом.
Толук маалымат алуу үчүн 0312 531 789 телефон номуруна кайрылсаңыздар болот", - деп айтылат маалыматта.