Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы борбордук стадион реконструкцияланып жатат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Оңдоо иштери жүрүп жаткан жерге кечээ, 17-июнда Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев барып, курулуш иштерин текшерип, бир катар тапшырмаларды берди.