Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2024-жылдын 12-июндан тартып, 16-июнга чейин, алдын ала маалымат боюнча 22 825 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Алардын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-347;

-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -278;

-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-70;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-938;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-4071;

-Авто ээнбаштык -3;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4689;

-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 2;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –12 427;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1537 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

"КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Урматтуу жарандар! Эгерде көчөлөрдө жол эрежелерин бузган унааларды көргөн учурда (0777) 102-12 ЖКККББнын ишеним номуруна түз жөнөтсөңүз болот", - деп айтылат аталган мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.