Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Ысык-Көлгө балдардын биринчи агымын жөнөттү. Ал жыл сайын министрлик аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын, майыптыгы бар балдардын, камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө алынган балдардын, багып алуучу үй-бүлөлөрдөгү балдардын, жетим балдардын жана тарбиянын өзгөчө шарттарына муктаж оорулуу балдардын, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдардын жайкы эс алуусун уюштурарын билдирди.
"Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйылкы жылы каржылоону үч эсеге көбөйтүп берип, 15 миллион сомду түздү. Алты агымда өлкөнүн бардык аймактарынан келген 1000 өспүрүмдөр, анын ичинен 100 интернат тибиндеги мекемелердин тарбиялануучулары "Алтын-Балалык" ден соолукту калыбына келтирүү борборунда эс алышат. Биринчи агымга Баткен, Талас жана Ош облустарынан балдар жөнөп кетишти", - деди министр.
Балдар отурган автобустар милиция кызматкерлеринин коштоосуна алынды.