Кыргызстанда биринчи жолу жасалган боор алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктады. Учурда бейтаптардын гемодинамикалык көрсөткүчтөрү туруктуу.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, ооперация 8-9 саатка созулган. Ага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган түркиялык жана кыргызстандык адистерден турган дарыгерлер тобу тартылган. Учурда реципиенттин да, донордун да гемодинамикалык көрсөткүчтөрү туруктуу.
"Операциянын жыйынтыгы биз үчүн канааттандырарлык болду, донордук боор трансплантациядан кийин дароо иштей баштады, бул бейтаптын андан ары сакайып кетиши үчүн жакшы жышаан", - дейт министр Бейшеналиев.
Операцияга катышкан адистер саламаттык сактоо министри менен биргеликте ооруканада нөөмөт иштерин улантып, бейтаптардын абалына көз салып, аларга керектүү медициналык жардам көрсөтүүдө.
0-11-июнда Кыргызстанда биринчи жолу кыргыз-түрк достугу ооруканасында боор алмаштыруу операциясы жасалууда. Операцияга кеткен чыгымдардын баары КР президентинин фондунан каржыланып жатат. Алгач операцияны өткөрүү үчүн ооруканага керектүү каражаттарды жана жабдууларды сатып алууга аталган фонддон 1 млн доллар бөлүнгөн.