Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду.
Ага ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 358 “Алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы № 55 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 358 “Алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыгы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 365 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 358 “Алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыгы.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.